БИШКЕК, 24-апр. — Sputnik. Бишкек шаарында 245 унаага ылайыкталган көп кабаттуу унаа токтотуучу жай пайдаланууга берилди. Жукеев-Пудовкин көчөсүндө жайгашкан объектинин ачылышына мэр Айбек Жунушалиев жана шаардык кеңештин депутаттары катышты.
Долбоор жер төлө жана беш кабаттан туруп, жалпы аянты 11 миң чарчы метрден ашат. Имараттын фасады заманбап металл панелдери менен жасалган, LED-экран менен жабдылып, заманбап архитектуралык көрүнүш берилген.
Имараттын чатырында үч теннис корту бар спорттук зона жайгаштырылган. Ошондой эле жанаша аймактар жакшыртылып, жолдор, тротуарлар, балдар аянтчасы жана коомдук транспорт аялдамасы жаңыртылды.