Тилемчилик менен алектенген чет элдиктер Кыргызстандан чыгарылат

Sputnik
БИШКЕК, 24-апр. — Sputnik. Тилемчилик менен алектенген чет элдиктер өлкөдөн чыгарылат. Тиешелүү мыйзамга президент Садыр Жапаров кол койду.
Жаңы мыйзамдын максаты — тилемчиликти азайтуу, коомдук тартипти сактоо, жол кыймылынын коопсуздугун жогорулатуу жана жарандарды эксплуатациядан коргоо.
Ага ылайык:
тилемчилик жана тилемчиликке тартуу үчүн жоопкерчилик киргизилет;
мындай иштерди сот жана ички иштер органдары карайт;
чет элдик жарандар үчүн өлкөдөн чыгаруу чарасы колдонулушу мүмкүн.
Долбоорду Юстиция министрлиги иштеп чыгып, кайырчылар жол коопсуздугуна коркунуч жаратып, шаардын аброюна доо кетирерин айткан. Учурдагы мыйзамдар бул маселени толук чечпегендиктен карыларды, кош бойлууларды, майыптарды жана балдарды эмгек эксплуатациясынан коргоо зарылдыгы жазылган.
Документте төмөнкүдөй жаза каралган:
Жолдун боюнда кайыр сурап, жадатып акча талап кылгандар — 20–30 сааттык коомдук ишке тартылат же 3 суткага камалат. Эгер бир ай ичинде кайра кайталанса — 30–40 сааттык коомдук ишке же 5 суткага камалат. Чет элдиктер үчүн — айып пул каралган, ал эми кайра кайталанса, өлкөдөн чыгарылат.
Аялуу катмардагы адамдарды кайырчылыкка тарткандар 20 миң сомго айыпка жыгылат. Эгер муну чет элдик кишилер бир ай ичинде кайталаса, өлкөдөн чыгарылат.
Кыргызстанда маморгандар талап кылган документтердин саны кыскарды