https://sputnik.kg/20260424/bizneske-zhenildik-1100966626.html
Кыргызстанда маморгандар талап кылган документтердин саны кыскарды
Кыргызстанда маморгандар талап кылган документтердин саны кыскарды
Sputnik Кыргызстан
БИШКЕК, 22-апр. — Sputnik. Кыргызстанда мамлекеттик органдар талап кыла турган документтердин тизмеси бекитилип, ага кирбегендер жарандардан жана бизнес... 24.04.2026, Sputnik Кыргызстан
2026-04-24T10:14+0600
2026-04-24T10:14+0600
2026-04-24T10:14+0600
кыргызстан
жарлык
садыр жапаров
бизнес
документ
ишкер
https://sputnik.kg/img/07e7/0b/16/1080674699_266:0:2876:1468_1920x0_80_0_0_eca44477dc3f102838b5966bac8adc30.jpg
БИШКЕК, 22-апр. — Sputnik. Кыргызстанда мамлекеттик органдар талап кыла турган документтердин тизмеси бекитилип, ага кирбегендер жарандардан жана бизнес өкүлдөрүнөн талап кылынбайт.Президент Садыр Жапаров тиешелүү жарлыкка кол койду.Жаңы тартип 2026-жылдын 1-апрелинен тартып 2027-жылдын 31-мартына чейин күчүндө болот. Жарлыкка ылайык, өлкөдө "жөнгө салуучу гильотина" механизми киргизилип, уруксат берүүчү документтердин саны кескин кыскартылат. Бул чара ашыкча бюрократияны жоюуга, бизнес жүргүзүүнү жеңилдетүүгө жана коррупциялык тобокелдиктерди азайтууга багытталган.Лицензиялар, сертификаттар, патенттер, каттоолор жана башка ушул сыяктуу документтер уруксат берүүчү документтер катары каралат. Бирок Улуттук банк тарабынан берилүүчү документтер бул тартипке кирбейт.Жарлыкта мамлекеттик органдарга жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына бир катар милдеттер жүктөлгөн. Алар:Реформаны координациялоо Экономика жана коммерция министрлиги тарабынан жүргүзүлөт. Бул чечим мамлекеттик органдардын функцияларынын кайталануусун азайтып, бизнес чөйрөсүндөгү административдик тоскоолдуктарды жоюу аркылуу инвестициялык активдүүлүктү жогорулатууга шарт түзөт.
https://sputnik.kg/20260421/innoprom-borbor-aziya-1100903303.html
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2026
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e7/0b/16/1080674699_0:0:2732:2048_1920x0_80_0_0_b0caf454a5dbd1a0b692ce86c00af1d7.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
кыргызстан, жарлык, садыр жапаров, бизнес, документ, ишкер
кыргызстан, жарлык, садыр жапаров, бизнес, документ, ишкер
БИШКЕК, 22-апр. — Sputnik. Кыргызстанда мамлекеттик органдар талап кыла турган документтердин тизмеси бекитилип, ага кирбегендер жарандардан жана бизнес өкүлдөрүнөн талап кылынбайт.
Президент Садыр Жапаров тиешелүү жарлыкка кол койду.
Жаңы тартип 2026-жылдын 1-апрелинен тартып 2027-жылдын 31-мартына чейин күчүндө болот. Жарлыкка ылайык, өлкөдө "жөнгө салуучу гильотина" механизми киргизилип, уруксат берүүчү документтердин саны кескин кыскартылат. Бул чара ашыкча бюрократияны жоюуга, бизнес жүргүзүүнү жеңилдетүүгө жана коррупциялык тобокелдиктерди азайтууга багытталган.
Лицензиялар, сертификаттар, патенттер, каттоолор жана башка ушул сыяктуу документтер уруксат берүүчү документтер катары каралат. Бирок Улуттук банк тарабынан берилүүчү документтер бул тартипке кирбейт.
Жарлыкта мамлекеттик органдарга жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына бир катар милдеттер жүктөлгөн. Алар:
тизмеде каралбаган документтерди талап кылууну токтотууга;
уруксат берүү жол-жоболорун жөнөкөйлөтүүгө;
тиешелүү мыйзам актыларын жаңылоого тийиш.
Реформаны координациялоо Экономика жана коммерция министрлиги тарабынан жүргүзүлөт. Бул чечим мамлекеттик органдардын функцияларынын кайталануусун азайтып, бизнес чөйрөсүндөгү административдик тоскоолдуктарды жоюу аркылуу инвестициялык активдүүлүктү жогорулатууга шарт түзөт.