БИШКЕК, 23-апр. — Sputnik. Өлкөдө аз камсыз үй-бүлөлөргө берилүүчү "Үй-бүлөгө көмөк" ай сайын берилчү жөлөк пулун алуу тартибине өзгөртүү киргизилди. Тиешелүү токтом министрлер кабинети тарабынан кабыл алынды.
Ага ылайык, жеңил автоунаанын пайдалануу мөөнөтү 20 жылдан 15 жылга чейин кыскартылды. Ошондой эле үй-бүлөдө бир гана турак жай болсо жөлөк пул алууга мүмкүнчүлүк сакталат, ал эми эки же андан көп үйү бар бүлөлөргө каражат берилбейт. Мындан сырткары, муктаждыкты аныктоочу минималдуу киреше өлчөмү 1000 сомдон 1500 сомго чейин жогорулатылды.
Бул өзгөртүүлөр 2026-жылдын 1-сентябрынан тарта күчүнө кирет. Райондук коэффициент колдонулган аймактарда жөлөк пул кошумча коэффициент менен төлөнөт.
Белгилей кетсек, өлкөдө "Үй-бүлөгө көмөк" жөлөк пулун алган үй-бүлөлөрдүн саны 43 111ди түзөт. Социалдык жардамдын бул түрү, аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн 16 жашка чейинки балдарына үй-бүлө оор турмуштук кырдаалдан чыкканга чейин убактылуу колдоо көрсөтүү үчүн мамлекет тарабынан берилет. Бүгүнкү күнү "Үй-бүлөгө көмөк" жөлөк пулунун өлчөмү ар бир балага 1 200 сомду түзөт.