https://sputnik.kg/20250909/elektrdin-tariftik-zhenildigi-kompensatsiyaga-almashat-1096396413.html
Аз камсыз үй-бүлөлөрдүн электрге тарифтик жеңилдиги компенсацияга алмашат
Аз камсыз үй-бүлөлөрдүн электрге тарифтик жеңилдиги компенсацияга алмашат
Sputnik Кыргызстан
БИШКЕК, 9-сен. — Sputnik. Өкмөт аз камсыз үй-бүлөлөргө электр энергиясы боюнча тарифтик жеңилдикти акчалай компенсацияга алмаштырууну көздөөдө. Энергетика... 09.09.2025, Sputnik Кыргызстан
2025-09-09T09:36+0600
2025-09-09T09:36+0600
2025-09-09T09:39+0600
кыргызстан
үй-бүлөгө көмөк
жөлөк пул
электр энергиясы
компенсация
https://sputnik.kg/img/07e6/04/08/1063498260_0:0:3072:1728_1920x0_80_0_0_34ac82fbbeeef360af16be3f6df52b36.jpg
БИШКЕК, 9-сен. — Sputnik. Өкмөт аз камсыз үй-бүлөлөргө электр энергиясы боюнча тарифтик жеңилдикти акчалай компенсацияга алмаштырууну көздөөдө. Энергетика министрлиги президенттин тиешелүү жарлыгына өзгөртүү киргизүүнү сунуштап, документти коомдук талкууга чыгарды. Учурда "Үй-бүлөгө көмөк" жөлөк пулун алган 16 жашка чейинки балдары барлар электр энергиясынын 1 кВт/саатына 50 тыйындан төлөшөт. Бул жеңилдик 2024-жылы 62,8 миң абонентке берилип, алар жыл ичинде 320,4 млн кВт/саат электр энергиясын колдонгон. Натыйжада энергетикалык компаниялар 185,1 млн сом чыгым тарткан. Министрлик бул жеңилдик натыйжалуу болбой жатканын белгилөөдө. Себеби көпчүлүк үй-бүлөлөр ижара үйлөрдө жашап, бат-баттан көчүп жүрүшөт. Мындан улам жеңилдиктин ордуна ар бир үй-бүлөгө ай сайын акчалай компенсация берүү сунушталууда. Ал жөлөк пулга кошулуп берилет. Ошол эле учурда үй-бүлөлөр азыр 1 кВт/саат электр энергиясы үчүн 50 тыйын төлөп жатканын эске алып, компенсация 700 кВт/саатка чейин эсептелет, бирок ошол 50 тыйын азыркы төлөмдөн алып салынат. Жардамдын көлөмү төмөнкүдөй:
https://sputnik.kg/20250905/biyik-too-aymak-turgun-zholok-pul-berilet-1096331605.html
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2025
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e6/04/08/1063498260_182:0:2913:2048_1920x0_80_0_0_94e98dfadd2b00ef7e7a01ef020a5662.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
кыргызстан, үй-бүлөгө көмөк, жөлөк пул, электр энергиясы, компенсация
кыргызстан, үй-бүлөгө көмөк, жөлөк пул, электр энергиясы, компенсация
БИШКЕК, 9-сен. — Sputnik. Өкмөт аз камсыз үй-бүлөлөргө электр энергиясы боюнча тарифтик жеңилдикти акчалай компенсацияга алмаштырууну көздөөдө. Энергетика министрлиги президенттин тиешелүү жарлыгына өзгөртүү киргизүүнү сунуштап, документти коомдук талкууга чыгарды.
Учурда "Үй-бүлөгө көмөк" жөлөк пулун алган 16 жашка чейинки балдары барлар электр энергиясынын 1 кВт/саатына 50 тыйындан төлөшөт. Бул жеңилдик 2024-жылы 62,8 миң абонентке берилип, алар жыл ичинде 320,4 млн кВт/саат электр энергиясын колдонгон. Натыйжада энергетикалык компаниялар 185,1 млн сом чыгым тарткан.
Министрлик бул жеңилдик натыйжалуу болбой жатканын белгилөөдө. Себеби көпчүлүк үй-бүлөлөр ижара үйлөрдө жашап, бат-баттан көчүп жүрүшөт. Мындан улам жеңилдиктин ордуна ар бир үй-бүлөгө ай сайын акчалай компенсация берүү сунушталууда. Ал жөлөк пулга кошулуп берилет.
Ошол эле учурда үй-бүлөлөр азыр 1 кВт/саат электр энергиясы үчүн 50 тыйын төлөп жатканын эске алып, компенсация 700 кВт/саатка чейин эсептелет, бирок ошол 50 тыйын азыркы төлөмдөн алып салынат.
Жардамдын көлөмү төмөнкүдөй:
1-апрелден 1-октябрга чейин — 300 кВт/саат (0,87x300=261 сом);
1-октябрдан 1-апрелге чейин — 500 кВт/саат (0,87x500=435 сом).