Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00

Sputnik
Президент Садыр Жапаров элди синтетикалык торлорду өкмөткө тапшырып берүүгө чакырды. Мамлекет башчысы социалдык тармактагы баракчасына соңку беш жылдан бери Ысык-Көлдү синтетикалык торлордон тазалап бүтө албай жатышканын жазды. Ал ИИМ, ӨКМ, Жаратылыш министрлигинин кызматкерлери жайы-кышы дебей көлдү тордон тазалап жүрүшкөнүн белгилеп, калкты алардын эмгегин баалап, кайра тор салбоого үндөдү. "Жаратылышты таза сактап, кийинки муунга өткөрүп берели. Соң-Көл менен Токтогул суу сактагычында да ушундай эле көрүнүш. Эл арасында "торлорду бажыдан өткөрбөй койбойсуңарбы" деген сын-пикир бар. Албетте, синтетикалык торлорду Кыргызстанга алып келүүгө тыюу салынган. Бирок мурда алып келинген торлордун арты бүтпөй жаткандай. Кимде мурда алып келинген торлор бар болгон болсо, жогорудагы министрликтерге тапшырып берсеңиздер, өтүнүч", — деп жазды Жапаров.
2026-жылдын январь–февраль айларында Кыргызстандагы орточо айлык акы 45,7 миң сомду түздү. Бул тууралуу Улуттук статистика комитетинин маалыматында айтылат. Ага ылайык, жыл ичинде айлык акы 16 пайызга көбөйгөн. Эң жогорку өсүш айыл чарба, токой чарбасы жана балык уулоо тармагында болуп, 28,8 пайызга жогорулаганы байкалган. Ошондой эле кесиптик, илимий жана техникалык ишмердүүлүк тармагында 26,2 пайызга, ал эми кыймылсыз мүлк иштери жаатында 24,5 пайызга олуттуу өсүш катталган. Ал эми Статистика комитети билдиргендей, ушул жылдын I кварталында бир адамга орточо жашоо минимуму айына 9,3 миң сомду түздү. Анын ичинен болжол менен миң сом тамак-ашка кетет, ал эми 1,5 миң сомго жакыны азык-түлүктөн сырткары товарларга жана кызматтарга жумшалат. Бул суммага салыктар да кирет. "Эмгекке жарамдуу адамдар үчүн жашоо минимуму мындан миң сомго көбүрөөк. Ал эми пенсионерлер жана балдар үчүн, тескерисинче, 1–1,3 миң сомго төмөн", — деп маалыматта айтылат.
"Ты супер! Кыргызстан" долбоору таланттуу балдарды сынакка чакырат. Ага 7 жаштан 18 жашка чейинки катышуучуларды кабыл алуу башталганын белгилүү алып баруучу Вадим Такменев билдирди. Шоу "Номад ТВ" каналында көрсөтүлөт. Долбоор балдарга талантын ачууга жана өзүн өлкөгө таанытууга мүмкүнчүлүк берет.
Германиянын оппозициялык "Германия үчүн альтернатива" (Alternative für Deutschland) партиясынын тең төрайымы Алиса Вайдель Владимир Зеленскийдин Берлин сапарынын жыйынтыгын сындап, Киевге карата чындыкка жакыныраак саясат жүргүзүүгө чакырды. Ал пикирин X социалдык тармагына жазган. "Коргонуу жана калыбына келтирүү тармагында тыгыз кызматташуу, биринчи кезекте, Киев үчүн германиялык салык төлөөчүлөрдүн акчасы дагы көбүрөөк кетет дегенди билдирет. Чет өлкөлөрдөгү согуштардын мөөнөтүн узартууга миллиарддарды жумшоонун ордуна бизге, өлкөнүн ичине, жардам керек. Жөн эле айтып коюлган эмес, тынчтык боюнча чындыкка жакын саясат керек", — деген Вайдель. Саясатчы жазган постуна Германиянын канцлери Фридрих Мерцтин Украина Россия менен согушта жеңет деген позициясын көрсөткөн сүрөттү тиркеген. Шейшемби күнү Германия-Украинанын өкмөттүк сүйлөшүүлөрүнүн алкагында Берлинде Зеленский менен Мерц жолуккан. Анын жыйынтыгы менен канцлер тараптар стратегиялык өнөктөштүк, Киевдин коргонуусу жана калыбына келиши жаатында кызматташууну бекемдөөгө сөз бекиткендиктерин жар салган.