БИШКЕК, 13-апр. — Sputnik. АКШнын президенти Дональд Трамп Ормуз кысыгына жарыяланган деңиз блокадасына кошумча катары Иранга чабуул коюуну кайра баштоо мүмкүнчүлүгүн карап жатат. Бул туурасында Wall Street Journal жазды.
"Трамп жана анын кеңешчилери тынчтыкка келчү сүйлөшүүлөрүндөгү туңгуюктан чыгуунун жолу катары АКШнын Ормуз кысыгындагы блокадасына кошумча кылып Ирандын бир катар жерлерине сокку урууну караштырууда", — деп айтылат макалада.
Басылма бул Америка лидери 12-апрелде Пакистандагы сүйлөшүүлөрдөн бир нече саат өткөндөн кийинки караштырып чыккан варианттардын бири экендигин жазды.
Ошол эле учурда Трамп толук кандуу бомбалоону кайра башташы мүмкүн экени да кошумчаланды. Бирок, маалымат булактары билдиргенине караганда, аймактагы кырдаалдын ырбап кетишинен жана президенттин узакка созулган жаңжалга аралашууну каалабагандыгынан улам мындай кадамдын болушу да күмөн.
Кечээ Трамп Вашингтон Ормуз кысыгы аркылуу өтүүгө аракет кылган бардык кемелерди тосо турганын жар салган.
Эске салсак, Пакистанда Америка менен Ирандын делегацияларынын диалогу ийгиликсиз болду. Тегеран Вашингтондун шарттарын кабыл алган эмес.
АКШнын делегациясынын курамына Вэнс, АКШ президентинин атайын чабарманы Стивен Уиткофф жана Ак үйдүн башчысынын күйөө баласы Жаред Кушнер кирди. Иран тараптан парламенттин төрагасы Мохаммад-Багер Галибаф жана тышкы иштер министри Аббас Аракчи катышкан.
Ал арада Ирандын Тышкы иштер министрлигинин расмий өкүлү Исмаил Багаи АКШ менен бир катар маселелер боюнча өз ара түшүнүшүү болгонун, бирок 2-3 маанилүү маселеде пикирлери келишпей калганын билдирген. Ошондой эле сүйлөшүүлөр ишенбестик маанайда өткөнүн жана келишим бир эле жолугушууда түзүлөрүн буга чейин деле эч ким күтпөгөнүн айтты.
Reuters агенттигинин маалыматы боюнча, тараптар Ормуз кысыгы, өзөктүк куралдар тематикасын, репарацияларды, санкцияларды жана жаңжалды токтотуу маселелерин талкуулаган. Мурдараак болочоктогу келишимдин негизин Ирандын он пунктудан турган планы түзүшү мүмкүндүгү айтылган.
Ирандын Press TV каналы сүйлөшүүнүн жыйынтыгында Иран акылга салган сунуштарды киргизгендигин, эми кезек Вашингтондо экендигин билдирген. Кезектеги жолугушуу качан жана кайда болору азырынча аныктала элек.