БИШКЕК, 9-апр. — Sputnik. АКШ Иран жаңжалы боюнча позициясынан улам НАТОдогу өнөктөштөрүн "жазалоого" камынып жатат. Бул туурасында Wall Street Journal жазды.
"Дональд Трамптын администрациясы альянстын айрым мүчөлөрүн жазалоо планын караштырууда. Алардын пикиринде, бул өлкөлөр Иранга каршы согушта АКШ менен Израилге эч кандай жардам берген эмес. Пайдасы тийбеген НАТО өлкөлөрүнөн аскерлерди чыгарып кетүү жана аларды колдоо көрсөткөн мамлекеттерге кайра жайгаштыруу планы каралууда", — деп бул маселеден кабары бар америкалык аткаминер айткан.
Талкууланып жаткан план толук иштелип чыгып бүтө элек болсо да администрациянын жогорку даражалуу чиновниктердин колдоосуна ээ болгону айтылууда.
WSJ басылмасы "жазалоонун" башка варианттары да айтылып, сөз болгонун жазды. Мисалы, Европа биримдигиндеги кеминде бир өлкөдө (кыязы, Испанияда же Германияда) Американын базасын жабуу каралып жатат.
НАТОнун баш катчысы Марк Рютте Трамп менен жолуккандан кийин CNN телеканалына Ак үй кожоюнунун "АКШнын сынагынан өтпөй калган" союздаштарынан көңүлү калганын тастыктады. Ошону менен бирге Рютте Европа мамлекеттеринин "басымдуу көпчүлүгү" өнөктөштүк милдеттерин аткарганын белгилеген.
Өткөн аптада Трамп НАТОдон чыгып кетүүнү чындап ойлонуштуруп жаткандыгын билдирген. Альянс менен коштошуусуна Вашингтондун Гренландияны көзөмөлдөө ниетине аталган уюмдун көрсөткөн реакциясы себеп болгонун билдирген.
Ал эми АКШнын мамлекеттик катчысы Марко Рубио Вашингтон Жакынкы Чыгыштагы кырдаал бир жаңсыл болгондон кийин альянс кандай мааниге ээ экенин ой калчап караштырыш керектигин белгилеген.