Жети-Өгүздө жалгыз бой энелер үчүн социалдык шаарча курулуп жатат

Sputnik
БИШКЕК, 6-апр. — Sputnik. Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районундагы Кызыл-Суу айылында жалгыз бой энелер үчүн социалдык шаарча курулуп жатат. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигине аталган райондун акими Эрмек Бахавидинов билдирди.
Анын айтымында, салынган үйлөр дароо кирип жашоого даяр болуп, жашоо шарты начар 100 жалгыз бой энеге берилет.

"Айыл өкмөттөн үч гектар жер бөлүп бергенбиз. Үйлөр кайрымдуулук фонду тарабынан 170 миллион сомго курулуп жатат. Бардык шарты, эмереги менен болот. Буюрса, жайында берилет", — деди район жетекчиси.

Ал ошондой эле социалдык шаарчада кичи стадион, ФАП, мечит жана кондитердик цех салынарын кошумчалады. Бала бакча куруу боюнча сүйлөшүүлөр жүрүп жатат.
Баатыр энелерге ай сайын берилчү кошумча төлөмдү 5000 сомго жеткирүү сунушталды