Амангелдиев Кыргызстанда АЭС куруу долбоору кайсы стадияда экенин айтты

Sputnik
БИШКЕК, 3-апр. — Sputnik. Министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Данияр Амангелдиев Кыргызстанда атомдук электр станциясын куруу долбоору азыр кайсы деңгээлде экенин айтып берди.
Ал өкмөт бул маселе боюнча “Росатом” менен сүйлөшүүлөрдү улантып жатканын белгиледи.
"Биз “Росатом” менен инфраструктура түзүү жана кадрларды даярдоо боюнча кызматташып жатабыз. Маселе референдумга да чыгарылышы керек. Биз мунун артында келечек бар экенин, энергетикалык кризис чечилерин түшүнүп турабыз. Экономика өсүп жаткан чакта кубаттуулукка муктаждык дайыма болот", — деди ал.
Элчи: Россия Кыргызстанда АЭС курулушун баштоого даяр