Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00

Sputnik
Россия Жаматтык коопсуздук келишим уюмунун алкагында өз ара кызматташуу үчүн жасалган иштерди, уюмдун негизги багытын андан ары алып кетүүгө болгон мүмкүнчүлүгүн жумшайт. Бул туурасында РФ лидери Владимир Путин ЖККУ саммитинде кеңири курамдагы жолугушууда сүйлөп жатып айтты. Эми Жаматтык коопсуздук келишим уюмуна төрагалык кылуу Россияга өттү. Владимир Путин өз сөзүндө ЖККУ акыркы он жылда беделдүү аймактык түзүмгө айланганын айтты. Ошондой эле ЖККУ Евразия чөлкөмүндө туруктуулук менен коопсуздукту камсыздап, мүчө болгон өлкөлөрдүн бүтүндүгүн коргоп жатканын, уюм эми коргонуу өнөр жай комплекстерин бекемдөөгө басым жасарын белгиледи. Муну менен катар ЖККУнун авиациялык күчтөрүн күчтөөндүрүү өзгөчө мааниге ээ болуп турганын, Россия ЖККУнун террорчулукка каршы стратегиясын даярдоону баштарын билдирди. Эскерте кетсек, келерки саммит 2026-жылы 11-ноябрда Москва шаарында өтөт.
Коррупцияга жана уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөштүн жыйынтыгында акыркы беш жылда мамлекетке 300 млрд сом кайтарылды. Бул тууралуу УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев атайын кызматтын Тоң райондук бөлүмүнүн жаңы имаратынын ачылышында билдирди. Анын айтымында, учурда өлкөнүн бюджети 700 млрд сомду түзөт жана анын жарымы коррупцияга жана уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөштүн эсебинен чогултулган. "Ушул каражаттардын эсебинен республика боюнча масштабдуу курулуштар жүрүүдө. Жолдор, бала бакчалар, мектептер, стадиондор жана ооруканалардын баардыгы ушул каражатка курулуп жатат",- деди УКМК төрагасы.
Эттин баасын кымбаттаткан 94 учур аныкталып, айып салынды. Бул тууралуу Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын өкүлү Айпери Жусупбекова билдирди. Анын айтымында учурда эттин баасына мамлекет кылдат көзөмөл жүргүзүүдө. Тийиштүү кызматкерлер базарларды, эт саткан дүкөндөрдү кыдырып текшерип жатат. "Мамлекеттик жөнгө салуу 11-августта киргизилген. Анда сөөктүү этке баа коюлган, сулп эт буга кирбейт. Бул аралыкта биздин кызмат 751 ирет кыдырууга чыгып, 2 900 жолу түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү. Анда эттин баасын негизсиз кымбаттаткан 94 учур аныкталып айып салынды. Ошондой эле 22 жазма эскертме берилди", — деди Жусупбекова. Ошондой эле ал бааны негизсиз көтөргөн жеке жактарга 7 миң сом, ал эми юридикалык жактарга 13 миң сом айып салынарын кошумчалады.
Европа үчүн Украина боюнча тынчтык планынын мазмуну маанилүү эмес. Анткени алар тынчтыкты каалабайт. Бул тууралуу Беларустун президенти Александр Лукашенко Sputnik агенттигинин кабарчысынын суроосуна жооп берип жатып билдирди. Анын айтымында, Европа сунушка болор-болбос жерден эле асылып, анын кабыл алынышын создуктурууда. “Европалыктарга согуштун эмне кереги бар экенин такыр түшүнбөдүм. Алар жеңишке жетпейт да. Англиялыктардын анча жакшы эмес таасири бар. Акылына келишер”, — деди Беларусь президенти. Ал ошондой эле согуш ар бир коомдун жана өлкөнүн жашоосундагы катаал учур экенин, ошондуктан эч качан бошоңдобоо керектигин кошумчалады.