БИШКЕК, 6-ноя. — Sputnik. Өлкөдө административдик мамлекеттик мекемелердин ички, тышкы жарыктандыруулары, электр приборлорунун иштеши саат 18:00дөн 06:00гө чейин жөнгө салынат. Бул туурасында өкмөттөн билдиришти.
Бийлик бул чечимди электр кубатын сарамжалдуу пайдалануу максатында кабыл алганы айтылды.
Аталган чаралар болжол менен ар бир айда 40 миллион киловатт-саат электр кубатын үнөмдөөгө мүмкүндүк берет деп болжолдонууда.
"Бул чаралар имараттардын технологиялык турмуш-тиричилиги үчүн өтө маанилүү болгон процесстерге таасир этпейт. Ошондой эле стратегиялык объектилерге жана күнү-түнү иштеген, коргоону, коопсуздукту, саламаттыкты сактоону, социалдык коргоону жана калктын жашоосун камсыз кылган уюмдарга жайылтылбайт", — дешти министрлер кабинетинен
Белгилей кетсек, соңку тогуз айда электр кубатын керектөө рекорддук өсүштү көрсөтүп, дээрлик бир миллиард киловатт-саатка көбөйгөн.
"Бул жаңы өнөр жай ишканаларынын, социалдык жана билим берүү мекемелеринин ишке киргизилишине, ошондой эле турак жай курулушунун көлөмүнүн кеңейишине байланыштуу. Ошол эле маалда, учурдагы вегетация мезгилинин өзгөчөлүктөрү Нарын дарыясына суунун агып келишинин төмөндөшү менен мүнөздөлөт. Учурда Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү өткөн жылдын ушул мезгилиндеги көрсөткүчтөрдөн эки миллиард кубометрге аз. Мындай абал суу жана энергетикалык ресурстарды сарамжалдуу башкарууга дыкат мамилени талап кылат", — деп өкмөттөн билдиришти.