БИШКЕК, 7-сен. — Sputnik. Келе жаткан аптада өлкөнүн айрым аймактарында маал-маалы менен өткүн өтүп турат. Бул тууралуу Кыргызгидромет тараткан аба ырайынын божомолунда айтылат.
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден айрым күндөрү 15-20 метрге жетиши мүмкүн.
Чүй, Талас жергесинде
Чүйдө 12-сентябрда гана жаан-чачын болбойт. Калган күндөрү айрым жерлерде өткүн өтүп, күн күркүрөшү күтүлөт. Ал эми Таласта дүйшөмбүдө жамгыр себелеп, ошону менен 13-сентябрга чейин жаан-чачын күтүлбөйт. Аптанын соңу жаанчыл болуп, жер-жерлерде өткүн өтүшү ыктымал.
Ош, Жалал-Абад, Баткен облустары
8-14-сентябрда күн негизинен жаан-чачынсыз болот. Күндүз тоо этектеринде жана тоолуу райондордо айрым күндөрү өткүн өтүп, күн күркүрөшү күтүлөт, ал эми өрөөндөрдө жана дыйканчылык аймактарда жаан-чачын сейрек болот.
Ысык-Көл, Нарын өрөөндөрүндө
Негизинен жаан-чачынсыз болот. Күндүз айрым жерлерде өткүн өтүп, күн күркүрөшү күтүлөт, айрыкча Ысык-Көлдө 10-сентябрда көпчүлүк аймактарда катуу жаан жаашы мүмкүн. Нарын облусунда 8-11-сентябрда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт, күндүз өткүн болуп, кез-кез күн күркүрөйт. 12–14-сентябрда эки облуста тең күн себелеп, күн күркүрөшү күтүлөт.