https://sputnik.kg/20250907/karakol-transport-marshrut-1096361309.html
Каракол — Алматы маршруту боюнча түз каттам ачылып, биринчи автобус жолго чыкты
Каракол — Алматы маршруту боюнча түз каттам ачылып, биринчи автобус жолго чыкты
Sputnik Кыргызстан
БИШКЕК, 7-сен. — Sputnik. Каракол шаардык автобекетинен алгачкы жолу Каракол — Алматы багыты боюнча автобус каттамы жолго чыкты. Бул тууралуу Каракол... 07.09.2025, Sputnik Кыргызстан
2025-09-07T12:44+0600
2025-09-07T12:44+0600
2025-09-07T12:44+0600
кыргызстан
каракол
алматы
транспорт
маршрут
https://sputnik.kg/img/07e9/09/07/1096361137_0:0:1280:720_1920x0_80_0_0_5168a6eb4b7b3450c0565d1d43aa05d7.jpg
БИШКЕК, 7-сен. — Sputnik. Каракол шаардык автобекетинен алгачкы жолу Каракол — Алматы багыты боюнча автобус каттамы жолго чыкты. Бул тууралуу Каракол автобекетинин директору Марс Алиев билдирди. Маалыматка ылайык, жолдун узундугу 370 чакырымды түзүп, жол кире 1 200 сом болот. Маршрут "Каркыра" өткөрүү пункту аркылуу өтүп, автобустар жыл бою жүрөрү айтылган.
https://sputnik.kg/20250822/zhaparov-tokayev-estelik-achyldy-1096052580.html
каракол
алматы
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2025
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e9/09/07/1096361137_161:0:1121:720_1920x0_80_0_0_76d38437c0234b60a648486df1788638.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
кыргызстан, каракол, алматы, транспорт, маршрут
кыргызстан, каракол, алматы, транспорт, маршрут
Каракол — Алматы маршруту боюнча түз каттам ачылып, биринчи автобус жолго чыкты
БИШКЕК, 7-сен. — Sputnik. Каракол шаардык автобекетинен алгачкы жолу Каракол — Алматы багыты боюнча автобус каттамы жолго чыкты. Бул тууралуу Каракол автобекетинин директору Марс Алиев билдирди.
Маалыматка ылайык, жолдун узундугу 370 чакырымды түзүп, жол кире 1 200 сом болот.
"Мурда Кыргызстан менен Казакстандын ортосундагы жол кыйла узун болуп, Чүй облусу аркылуу өтүүгө туура келип кошумча чыгым алып келчү. Жаңы каттамдын ачылышы Ысык-Көлдөгү туристтик агымды күчөтүп, эки өлкөнүн тургундары үчүн да ыңгайлуу шарттарды түзөт", — деп айтылат билдирүүдө.
Маршрут "Каркыра" өткөрүү пункту аркылуу
өтүп, автобустар жыл бою жүрөрү айтылган.