Мамлекеттик ипотекага эми "Түндүк" тиркемеси аркылуу кезекке турса болот

Sputnik
БИШКЕК, 11-июн. — Sputnik. Мамлекеттик ипотекага эми "Түндүк" тиркемеси аркылуу онлайн-кезекке турса болот. Бул тууралуу президенттин иш башкаруучусу Каныбек Туманбаев билдирди.
Ал онлайн-кезек президент Садыр Жапаровдун санариптештирүү боюнча тапшырмасын аткаруунун алкагында ишке ашканын белгиледи.
"Мурда жарандар документтерди чогултуп, кол менен толтуруп, көп убакыт коротушчу. Эми болсо баары кыйла жеңилдеди, болгону 2-3 мүнөт ичинде керектүү маалымат автоматтык түрдө толтурулат. Жадагалса жубайынын макулдугун да тиркеме аркылуу ыңгайлуу жана мыйзамдуу жол менен берүүгө мүмкүнчүлүк бар. Бул — жарандар үчүн шарттарды жеңилдетүүгө багытталган дагы бир практикалык кадам. Президенттин тапшырмалары ырааттуу аткарылып, мамлекеттик кызматтар элге барган сайын жеткиликтүү болууда", — деп жазды Туманбаев.
Эске салсак, "Түндүк" тиркемеси аркылуу буга чейин да ID-карта алуу, ЖААК күбөлүктөрүн кайра чыгартуу жана башка кызматтар жеткиликтүү болгон.
Жумгалда мамлекетке кайтарылган жерге ипотекалык үй куруу каралууда