РФ Коргоо министрлиги: Россия Стамбул келишимдерин аткарууга даяр

Sputnik
БИШКЕК, 7-июн. — Sputnik. Россия Стамбул келишимдерин ишке ашырууга, Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн бардык жоокерлеринин сөөгүн Киевге өткөрүп берүүгө жана белгиленген формула боюнча алмашууга даяр. Бул тууралуу Россиянын Куралдуу күчтөрүнүн Башкы штабынын башкы башкармалыгынын жетекчиси Александр Зорин билдирди.
Формула жарадарларды, катуу оорулууларды жана 25 жашка чейинки адамдарды алмаштырууну камтыйт. Зориндин айтымында, Россия Стамбулда жетишилген макулдашууларга ылайык, алты миңден ашуун украин аскер кызматкерлеринин сөөгүн репатриациялоого жана туткундарды алмаштырууга киришти. Бирок Украина алмашуу ишемби күнү болорун ырастаган жок жана аны белгисиз мөөнөткө жылдырып койгон.

“Биз аларга 1 640 фамилиядан турган тизмени бердик, бирок украин тарап бул адамдардын кайтып келүү күнүн белгилөөдөн жана тиешелүү сандагы туткундарды бизге өткөрүп берүүдөн азырынча карманууда. Биз бардык макулдашууларды ишке ашырууга толук даярбыз”, — деди Зорин.

Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Трамп: Украина Россияга аны бомбалап салууга жол ачты