ЕАЭБде өнүгүү темпи эки жыл катары менен дүйнөлүк көрсөткүчтөн жогору болду

Sputnik
БИШКЕК, 26-май — Sputnik. ЕАЭБ өлкөлөрүндөгү өнүгүү темпи экинчи жыл катары менен дүйнөлүк орточо көрсөткүчтөрдөн жогору болууда. Бул тууралуу ЕЭКтен кабарлашты.
Маалыматка ылайык, былтыр ЕАЭБге мүчө өлкөлөрдүн жалпы ИДПсы 4,4 пайызга өсүп, 2023-жылдагыдан (3,8 пайыз) жана дүйнөлүк көрсөткүчтөрдөн (3,3 пайыз) көп болду.
Буга өлкөлөр тарабынан ишке ашырылып жаткан экономикалык саясат өбөлгө болгону белгиленди.
ЕЭК министри: миграциялык көзөмөл менен эмгек укуктарын сактоодо баланс болушу керек