БИШКЕК, 23-фев. — Sputnik. АКШ Украинадан мунай жана "колуна тийген" ресурсун алууну көздөп жатат. Бул тууралуу Дональд Трамп билдиргенин РИА Новости жазды.
Анын айтымында, Вашингтон Украинаны колдоого бөлгөн каражаттарды кайтарууга ниеттенүүдө.
"Биз сейрек кездешүүчү металлдарды, мунайды жана "колубузга эмне тийсе" ошонун баарын алганга аракет кылабыз", — деди ал консерваторлордун конференциясында сүйлөп жатып.
Ал эми АКШнын каржы министри Скотт Бессенттин түшүндүрмөсүнө ылайык, Вашингтон менен Киевдин экономикалык өнөктөштүгү боюнча келечектеги келишим долбоору Украинанын кен байлыктарынан жана башка активдеринен түшкөн кирешени атайын фондго багыттоону караштырат. Бул фондду башкаруу укугу АКШда болот.
Ошондой эле Бессент АКШ Украинанын активдерин көзөмөлгө албай турганын жана өлкөгө жаңы карыз таңууланбасын белгиледи.