Майлуу-Сууда жарандарды токмоктогон деп милиция кызматкерлерине иш козголду

Дело № папкасы. Архив
Sputnik
БИШКЕК, 3-фев. — Sputnik. Жалал-Абад облусунда милиция кызматкерлерине кылмыш иши козголду. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти.
Маалыматка караганда, Майлуу-Суу шаарынын прокуратурасы тарабынан кызматтык абалын кыянаттык менен пайдалануу, уруп-сабоо жана топ менен жасалган бейбаштык боюнча иш козголгон.
"Текшерүүдө Майлуу-Суу ШИИБинин кызматкерлери М.А., К.Н. жана башкалар бир нече жаранды ур-токмокко алып, зомбулук көрсөткөн фактылар аныкталган", — деп айтылат маалыматта.
Учурда тергөө УКМКнын облустук башкармалыгы тарабынан жүргүзүлүп жатканы кошумчаланган.
Кармалган шектүүлөр. Архив
УКМК: Чүйдө майыптарды коркутуп, жерлерди жасалма каттатып жүргөндөр кармалды