БИШКЕК, 22-дек. — Sputnik. Министрлер кабинети жапайы өсүмдүктөрдүн айрым түрлөрүн терип пайдаланууга салган тыюунун мөөнөтүн 2027-жылга чейин узартты.
Тыюу салынган өсүмдүктөрдүн тизмесине элдик медицинада дарылыгы бар деп эсептелген арнебия, макротония, башкача айтканда, эндиктин эки түрү, ясенец (эл оозундагы аталышы беш жылдыз), афлатун пиязы, аконит, родиола жана самарканд өчпөс гүлү кирген.
"Бул чөптөр элдик медицинада дары катары колдонулгандыктан коммерциялык максатта өтө көп өлчөмдө терип саткандар арбыган. Жыйынтыгында аталган өсүмдүктөр жок болуп кетүү коркунучуна кептелген", — деп айтылат маалыматта.
Документте тизмедеги өсүмдүктөрдү чогултууга, ташууга, сатып алууга, сатууга, пайдаланууга жана экспорттоого тыюу салынганы жазылган.