Эдил Байсалов гимндин өзгөрүшү боюнча оюн айтты

Sputnik
БИШКЕК, 31-окт. — Sputnik. Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов гимнди өзгөртүү боюнча пикирин билдирди.
Анын айтымында, президент менен спикер элдин оюндагысын ачыкка чыгарган.
"Биз ыр жандуу калкпыз. Жанга жагымдуу ырларды жакшы көрөбүз, ал тургай сүйүүбүздү ыр менен билдиребиз, бирок гимнди ырдай албайбыз. Үч жыл мурда гимнди өзгөртсө болобу деп композиторлорго кайрылгам. Көптөгөн ЖМК өкүлдөрү маселени туура эмес түшүнүп, өлкө жетекчилиги бардыгын жаңылап, өзгөрткүсү келет деп ойлошууда. Андай эмес. Муну кыргызстандыктар көптөн бери сезип, айта албай келгенбиз. Мекенибизди даңктап, ага сүйүүбүздү билдирип ырдагыбыз келет. Бирок коошпой жатат", — деп жазган Байсалов.
Ал композитор жана музыканттарга кайрылып, гимнди иштеп чыгууга катышууну өтүнгөн.
Эске салсак, Жогорку Кеңештин төрагасы өлкөнүн гимнин өзгөртүү зарылдыгын айткан. Бирок президенттин маалымат катчысы Аскат Алагөзов бул билдирүүнү спикердин жеке пикири катары кабылдоо керектигин айтып, дүрбөлөң түшүүгө негиз жок экенин белгилеген. Кийин президент Садыр Жапаров гимн өлкөбүз азаттыкка чыгып, эгемендүүлүк алган жылдарда жазылганын белгилеп, өзгөртүүгө каршы эмес экенин билдирген.
Радио
Мамлекеттик символдорду натуура колдонгондорго жазаны күчөтүү сунушталды