Бишкекте жаңыланган "Эл достугу" монументинин ачылышы болду. Видео

Салтанатта Кыргызстандын жана Россиянын өкүлдөрү сүйлөштү.
Sputnik
Иш-чара кыргыз-орус билим форумунун программасына киргизилген.
Ачылыш аземде Россия президентинин администрациясынын чет өлкөлөр менен аймактар аралык жана маданий байланыштар боюнча орун басары Антон Рыбаков сүйлөп, жаңыланган эстеликтин ачылышы менен Россиянын атынан куттуктады.
"Бул Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгына арналган масштабдуу иш-чаралардын бөлүгү болуп саналат. Бул — биздин жалпы маараке. Учурдан пайдаланып Кыргызстандын жетекчилигине жалпы тарыхыбызга кылдаттык жана урмат-сый менен мамиле кылып жатканы үчүн ыраазычылык билдиргим келет. Кыргызстанда тарыхыбыз бир экенин, өлкөнү биргелешип курганыбызды жана Улуу Ата Мекендик согушту бирге жеңгенибизди эстеринен чыгарган эмес", — деди Рыбаков.