БИШКЕК, 11-окт. — Sputnik. Япония менен Германияны БУУнун Коопсуздук кеңешинин туруктуу мүчөсү кылуу идеясына Кыргызстан макул болбошу керек. Бул тууралуу Бишкекте өтүп жаткан "БРИКС алкагындагы Кыргызстан менен Россиянын стратегиялык өнөктөштүгү" аталышындагы тегерек столдо эл аралык мамилелер боюнча эксперт Эсен Усубалиев билдирди.
Эске салсак, былтыр АКШ президенти Жозеф Байден БУУнун Коопсуздук кеңешине Индия, Бразилия, Германия жана Япония өлкөлөрүн туруктуу мүчө кылууну сунуштаган. Быйыл сентябрда АКШнын президенти жана Индиянын, Япониянын, Австралиянын премьер-министрлери БУУнун Коопсуздук кеңешин реформалоого, жаңы туруктуу мүчөлөрдү кошууга https://ria.ru/20240922/reforma-1974051974.html чакырышкан. Өткөндө Россиянын тышкы иштер министринин орун басары анын өлкөсү БУУнун Коопсуздук кеңешине Япония менен Германиянын киришине каршы экенин айткан.
Усубалиев Кыргызстан БУУнун утурумдук мүчөсү болууга умтулуп жатканын эске салып, бул бир катар жоопкерчиликти алууга, анын ичинде БУУну реформалоо боюнча пикирин билдирүүгө туура келерин айткан. Ал бул боюнча илмий чөйрөдө кеп болбогонун, тышкы саясат боюнча "реформаны колдойбуз" таризинде сөз чыгып, бирок так айтылбаганын белгиледи.
"Биз БУУнун Коопсуздук кеңешин Батыш өлкөлөрү менен толтуруу идеясын колдобошубуз керек. Япония менен Германияны туруктуу мүчөсү кылуу идеясы болбогон кеп. Албетте, Россия менен Кытай да аны колдобойт. Биз дагы Япония менен Германиянын өтмүшүн эске алып, бул идеяны колдобошубуз керек. Балким айрымдар эки өлкөнүн кылгандарын унуткан чыгар, бирок баары эле аларды кечирүүгө даяр эмес", — деген эксперт.
Усубалиев Кыргызстан БУУнун Коопсуздук кеңешин реформалоону талкуулоого жигердүү катышып, мамлекеттер аралык да, эксперттик деңгээлде да дискуссиядан качпашы керектигин кошумчалады.