Ленин жана Хан-Теңири чокуларындагы таштандылар тазаланат. Видео

Sputnik
БИШКЕК, 29-авг. — Sputnik. Эл аралык экологиялык экспедиция Кыргызстандын эң бийик чокулары болуп саналган Ленин (7134 метр) менен Хан-Теңирге (7010 метр) чыгат. Бул тууралуу Альпинизм федерациясы билдирди.
Альпинисттер тоолуу аймактардагы таштанды көйгөйлөрүнө көңүл бурдуруп, экотуризм идеяларын жайылтууну көздөшүүдө.
"Таза Ала-Тоо" долбоору элдин көңүлүн тоолуу аймактардагы таштанды көйгөйүнө буруу максатында иштелип чыккан. Альпинисттер тоолордогу эскирген аркандарды, желимдерди жана башка альпинисттик таштандыларды тазалашат", — деп билдирди федерация.
Радио
Маметов: тоого чыгуунун пайдасы зор, аны түшүнбөгөндөр көп