Олимпиада оюндары — 2024

Бекзат Алмаз уулу Олимпиаданын коло байгеси үчүн күрөштө жеңилип калды

Өзбекстандык балбан 4:1 эсебинде утуп кетти.
Sputnik
БИШКЕК, 10-авг. — Sputnik. Эркин күрөштөн Бекзат Алмаз уулу Олимпиаданын коло байгеси үчүн беттеште жеңилип калды.
Ал 57 килограмм салмакта өзбекстандык Гуломжон Абдуллаев менен таймашты. Беттеш 4:1 эсебинде атаандашы Абдуллаевдин жеңиши менен жыйынтыкталды.
Бекзат алгач казакстандык спортчуну жеңип, андан кийин америкалык балбанга утулуп калган. Бул каршылашы финалга чыккандыктан 3-орун үчүн беттешүүгө мүмкүнчүлүк алды. Кийинки атаандашы кытайлык Цзоу Ванхао менен жубатуучу беттеште 4:0 менен утулуп жатып, жыйынтыгында каршылашынын далысын жерге тийгизип, таза жеңген.
Олимпиада оюндары — 2024
Париж-2024: Айсулуу Тыныбекова финалга чыга албай калды, эми коло медаль үчүн күрөшөт