Башкы прокурорлордун Бишкектеги отуруму

"Кызматташууну жанданталы". Башкы прокурор кытайлык кесиптеши менен жолукту

Sputnik
БИШКЕК, 24-июл. — Sputnik. Кыргызстандын башкы прокурору Максат Асаналиев кытайлык кесиптеши Ин Юн менен кездешип, кызматташуу тууралуу макулдашты. Жолугушууда Кыргызстандын башкы прокурору КЭР өнөктөш өлкө экенин эске салды.
Ал келишим жана макулдашууларга карабастан Кыргызстан менен Кытайдын Башкы прокуратураларынын алакасы өтө жанданбай жатканын белгилеген.
"Кызматкерлерибиздин бири-бирине иш сапарлары соңку ирет 10 жыл мурда болгон, бул кадыресе көрүнүш эмес... Жолугушуудан кийин сапарлар кайра жанданат деп үмүттөнөм. Кытайдын тажрыйбасы, маалымат алмашуу жана биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу биз үчүн маанилүү", — деди Асаналиев.
Заседания генеральных прокуроров стран Шанхайской организации сотрудничества (ШОС) в Бишкеке
Башкы прокурор бул кадам эки өлкөнүн прокуратура органдарынын ортосундагы мамиленин өнүгүшүнө дем берерине ишенгенин белгилеген. Жаңыланган келишимде кызматкерлерди окутууга жана тажрыйба алмашуу үчүн өз ара иш сапарларга басым жасалган.
Ин Юн Кытай тарап кызматташууну өнүктүрүүгө жана реформалоо тажрыйбасы менен бөлүшүүгө даяр экенин белгиледи.
Башкы прокуратуранын маалымат кызматы билдиргендей, келишим эки өлкөнүн ортосундагы укуктук кызматташтыкты, тажрыйба, маалымат алмашуу жаатында алаканы бекемдөөгө жана эл аралык кылмыштуулукка каршы биргелешип күрөшүүгө багытталган.
Башкы прокурорлордун Бишкектеги отуруму
Башкы прокурор: ШКУ — түйшөлдүргөн көйгөйлөрдү талкуулоо үчүн уникалдуу аянтча