Эмгек министрлиги: фостердик үй-бүлөлөрдүн саны 29 пайызга көбөйдү

Фостердик же багуучу үй-бүлө мамлекет менен келишим түзүп, турмуштук оор кырдаалга туш болгон балдарды багат.
Sputnik
БИШКЕК, 21-июл. — Sputnik. Өткөн жылга салыштырмалуу фостердик үй-бүлөлөрдүн саны 29 пайызга көбөйдү. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги билдирди.
Маалыматка ылайык, фостердик үй-бүлөлөргө окууга дагы 51 талапкер министрликтин аймактык бөлүмдөрүндө каттоодо турат.

"Фостердик же багуучу үй-бүлө мамлекет менен келишим түзүп, турмуштук оор кырдаалга туш болгон балдарды багат. Атайын окуудан өткөн 30 жаштан 65 жашка чейинки жарандар фостердик ата-эне боло алышат. Быйыл июлга карата мындай 110 бүлөдө 218 бала тарбияланууда. Өткөн жылга салыштырмалуу алардын саны 29 пайызга көбөйгөн", — деп айтылат маалыматта.

Фостердик үй-бүлөлөр институту Кыргызстанда 2014-жылдан баштап киргизилген.
Радио
Турдубекова: социалдык кызматкерлер көбөйсө, зомбулук азаят