ЖК шайлоо: Ноокат округунан Бакытбек Марипов жеңишти камсыздоодо

Ал мурдагы өкмөт башчы Улукбек Мариповдун бир тууган иниси, 35 жашта.
Sputnik
БИШКЕК, 30-июн. — Sputnik. Ноокат округу боюнча Жогорку Кеңештин депутаты алдын ала эсептөөлөр боюнча Бакытбек Марипов болмокчу.
Автоматтык түрдө санаган урна бюллетендерди 90 пайызга эсептеп бүткөн. Анда Марипов 44,2 пайыз добуш алган.
35 жаштагы Бакытбек Марипов мурдагы өкмөт башчы Улукбек Мариповдун бир тууган иниси. Ал буга чейин Ноокат районунун акими болгон. Агасы аны 2021-жылы өкмөт башчы болуп келгенде “кызыкчылыктардын келишпестиги жаралбашы үчүн” деп иштен алган.
Бүгүн Ноокат, Свердлов жана Ысык-Көл райондорунда Жогорку Кеңештин депутаттыгына шайлоо болуп өтүп, алдын ала жыйынтыктары чыгууда.
Свердлов округу боюнча шайлоодо Жумабек Салымбеков алдыда баратат