Подмосковьедеги “Крокус сити холлдо” болгон теракт

"Крокустагы" терактыда жабыркагандар боюнча соңку маалымат

Россиянын президенти Владимир Путин 24-мартты Улуттук аза күтүү күнү деп жарыялады.
Sputnik
БИШКЕК, 24-мар. — Sputnik. "Крокус сити холлдо" болгон терактынын кесепетинен 152 адам жабыркаган, алардын бешөө — балдар. Бул тууралуу РФ ӨКМи билдиргенин РИА Новости жазды.

"Терактынын кесепетинен 285 адам (сегизи балдар) жаракат алса, алардын 133ү каза болгон (үчөө балдар). Ал эми 114 киши (төртөө балдар) медициналык мекемелерге жеткирилип, ооруканага жаткырылды", деп айтылат маалыматта.

22-март күнү кечинде Москванын жанындагы Красногорск шаарындагы "Крокус сити холл" залында концерт алдында ок атуу болуп, өрт чыккан. Залга камуфляж кийген бет капсыз бир нече адам кирип келип, адамдарды көздөй ок чыгарган. Ошондой эле жардыруучу каражаттарды ыргытышкан. Россиянын президенти Владимир Путин 24-мартты Улуттук аза күтүү күнү деп жарыялады.
Подмосковьедеги “Крокус сити холлдо” болгон теракт
Россиянын муфтийи терактыда адамдарды сактап калган Исламга сыйлык тапшырат