УКМК 20 миң доллар пара талап кылган деп салыкчыны кармады

Учурда кылмышка тиешеси бар башка тараптарды аныктоо иштери жүргүзүлүүдө.
Sputnik
БИШКЕК, 22-мар. — Sputnik. Мамлекеттик салык кызматынын өзгөчө салык режимдерин көзөмөлдөө бөлүмүнүн инспектору 20 миң доллар өлчөмүндө пара талап кылууга шектелип кармалганын УКМК билдирди.
Маалыматта жооптуу кызматкер ишкерлердин бирин салыктык текшерүү жүргүзөм деп коркутканы айтылат.

"Инспектор 19-мартта Аламүдүн районунун Көк-Жар айылында жүргүзүлгөн иш-чаралардын натыйжасында 5 миң доллар өлчөмүндө пара алып жаткан жеринен колго түшүрүлдү. Кылмыш-жазак кодексинин 96-беренесине ылайык, шектүү УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди", — деп жазылат кабарда.

Учурда УКМК тарабынан бул ишке тиешеси бар башка кызмат адамдарын аныктоо боюнча ыкчам-иликтөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.
12 миң доллар пара алган деп Свердлов райондук сотунун судьясы кармалды