12-декабрга карата аба ырайы

12-декабрга караган түнү көпчүлүк аймактарда мезгил-мезгили менен кар жаашы күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.
Sputnik
БИШКЕК, 11-дек. — Sputnik. 12-декабрь, шейшембиде, көпчүлүк аймактарда кар жаайт. Жолдор тоңголок жана тайгак болот. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.
Абанын температурасы Чүй жана Талас өрөөндөрүндө -10...-15 градус, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында 0...-5, Ысык-Көл жергесинде -2...-7, Нарында -3...-8 градус суук болот.
Борбор калаада -11...-13, Ош шаарында 0...-2 градуска чейин суук болушу болжолдонду.
Картошка өстүрүү боюнча Кыргызстан ЕАЭБдин алдыңкы үчтүгүндө