БИШКЕК, 28-ноя. — Sputnik. Кыргызстанда 1991-2022-жылдар аралыгында тамеки эгилген жерлер 42,5 эсеге кыскарды. Мындай тыянакты Улуттук статистика комитетинин маалыматына таянып жасоого болот.
Өлкө көз карандысыздык алган жылы 19 902 гектарга тамеки тигилген, улам өсүп отуруп 1994-жылы 22,2 миң гектарга жеткен. Бирок акырындап аянты кыскара берген. 2015-жылы бир гектарга жетпеген жерге гана эгишкен, кийинки жылы 192 гектарды түзгөн. Ал эми былтыр 468 гектар аянтка өстүрүлгөнү жазылган.
Ал эми түшүмдүүлүгү боюнча 2012-2022-жылдарга карата маалымат берилген. Анын эң көбү 2012-жылы (7,4 миң тонна) алынса, былтыр тамеки жалбырагы 1,2 миң тоннаны түзгөн. Ал эми 2016-жылы 500 тонна болгон.