Дүйнөдө жылына 2 млн. адам чылым козгогон жүрөк оорусунан каза болот

© Sputnik / Алексей Даничев / Медиабанкка өтүүТамеки чеккен аял. Архивдик сүрөт
Тамеки чеккен аял. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 22.09.2023
Жазылуу
Адам чылым чегүүнү таштаса бир жыл өткөндөн кийин жүрөк-кан тамыр ооруларына чалдыгуу коркунучу 50 пайызга азаят.
БИШКЕК, 22-сен. — Sputnik. Жыл сайын 1,9 миллион адам тамеки чегүүдөн улам пайда болгон жүрөк-кан тамыр ооруларынан каза болот. Мындай маалыматты Саламаттык сактоо министрлиги Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму, Бүткүл дүйнөлүк жүрөк федерациясы жана Австралиянын Ньюкасл университетинин жаңы отчётуна таянып жазды.
Анда белгиленгендей, 29-сентябрда Бүткүл дүйнөлүк жүрөк күнү белгиленет.
"Жүрөк-кан тамыр оорулары күнүнө көп тамеки тарткан учурда гана эмес, анда-санда тартса, анын түтүнүнөн тынымсыз көп дем алганда да пайда болот. Адам чылым чегүүнү таштаса бир жыл өткөндөн кийин жүрөк-кан тамыр ооруларына чалдыгуу коркунучу 50 пайызга азаят", — деп айтылат маалыматта.
Министрлик зыянсыз деген ой менен электрондук тамекиге өтүү да жаңылыштык экенин кошумчалады. Ал да кан басымды жогорулатып, жүрөк-кан тамыр ооруларынын тобокелчилигин жогорулатат.
"Тамеки чегүүгө каршы күрөшүү жүрөк-кан тамыр ооруларын азайтуунун ачкычы болуп саналат", — деди министрликтен.
Кальян чеккен кыз. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 18.05.2023
Министрлик: тамеки, насыбай, кальян, электрондук чылымдын зыяны бирдей
Жаңылыктар түрмөгү
0