Израиль Газадагы качкындар лагерине сокку уруп, кеминде 30 киши каза болду

Тараптардын территориалдык кызыкчылыгына байланышкан палестин-израиль чатагы ондогон жылдардан бери региондогу кагылышууну шарттап келет.
Sputnik
БИШКЕК, 23-окт. — Sputnik. Израиль Куралдуу күчтөрүнүн Газа секторунун түндүгүндөгү Жабалияда жайгашкан качкындар лагерине жасаган соккусунан кеминде 30 киши каза болгонун Al-Jazeera кабарлады.
Буга чейин Палестинанын WAFA маалымат агенттиги анклавдагы эки турак үй менен мечитти бомбалоодон 13 адам көз жумуп, ондогон тургун жаракат алганын билдирген.
"Израилдин Газага урган акыркы соккусунан уранды алдынан кеминде 30 сөөк табылды, көбү аялдар менен балдар", — деп айтылат маалыматта.
Тараптардын территориалдык кызыкчылыгына байланышкан палестин-израиль чатагы ондогон жылдардан бери региондогу кагылышууну шарттап келет.
7-октябрда Газа секторунан Израилге буга чейин болуп көрбөгөндөй чабуул жасалып, абал курчуган. Ракеталык соккулардан кийин уюмдун жоокерлери еврей мамлекетинин түштүк чегине кирип барган.
Жооп иретинде ЦАХАЛ ХАМАСка каршы "Темир кылыч" операциясын баштаган. Израиль чабуул жасалгандан бир нече күн өткөн соң Газа менен чектешкен калктуу конуштарды кайра өз көзөмөлүнө алып, сектордун аймагындагы объектилерге сокку ура баштаган. Мындан тышкары, аймакты толугу менен блокадалап, суу, азык-түлүк, электр кубаты, дары-дармек, отун ташуу токтотулган.
Кытай БУУну Жакынкы Чыгыштагы абал боюнча ири саммит уюштурууга чакырды