G7 лидерлери Борбор Азия менен кызматташарын билдирди

Эл аралык клубдун лидерлери ар кандай аймактык маселелерди чечүүгө басым жасай турганын айтышкан.
Sputnik
БИШКЕК, 20-май — Sputnik. G7 уюмуна кирген өлкөлөр Борбор Азия мамлекеттери менен кызматташарын тастыктады. Бул тууралуу аталган эл аралык клубдун Хиросимадагы саммитинде белгилүү болгонун РИА Новости жазды.
"Чоң жетинин" лидерлери ар кандай аймактык маселелерди, анын ичинде Украина менен Афганстандагы абалды турукташтыруу, террорчулук менен күрөшүү, азык-түлүк жана энергетикалык коопсуздукту камсыздоо, климаттын өзгөрүшүнө байланыштуу маселелерди чечүү жаатында кызматташууга даяр экенин айтышкан.
Быйыл G7 уюмунун саммитинде төрагалык кылуу Японияга өткөн. Иш-чара 19-майда Хиросимада башталган.
Ак үй G7 Россияга басым жасоону улантарын айтты