БИШКЕК, 9-апр. — Sputnik. Украина 2023-жылдын соңуна чейин өзүнүн мамлекеттүүлүгүн жоготушу мүмкүн. Бул туурасында РИА Новости Пентагондун жетекчисинин мурдагы кеңешчиси, полковник Дуглас Макгрегор журналист Стивен Гарднерге берген маегинде белгилегендигин жазды.
"Жылдын соңунда Украина улуттук мамлекет катары жашап турарына ишене бербейм... Өлкөнүн ичиндеги абал үрөй учурарлык, жоготуулар андан жаман", — деген офицер.
Анын айтымына караганда, Батыштын ЖМКлары Украинадагы чыныгы абалды чагылдырбай коомчулукту жаңылыш пикирге түртүп жатат.
"Бардыгы биз Киевге чалганда ал жактан эч ким жооп бербей калышы менен бүтөт", — деген Макгрегор.
Буга чейин АКШнын Деңиз аскерлеринин чалгын кызматынын офицери Скотт Риттер Украинанын быйыл күздө, тагыраагы, октябрда капитуляция болорун айткан эле. Анын пикирине караганда, Украина жайдын капортосунан тарта Батыштан техникаларды албай калат да, күздө жеңилүүгө учурайт.