https://sputnik.kg/20230409/zhyldyn-ayagyna-cheyin-ukraina-zhok-bolup-kalyshy-mumkun-1074282916.html
Эксперт: жылдын аягына чейин Украина жок болуп калышы мүмкүн
Эксперт: жылдын аягына чейин Украина жок болуп калышы мүмкүн
Sputnik Кыргызстан
Пентагондун башчысынын мурдагы кеңешчиси Батыш ЖМКлары азыр Украинада абал чындыгында эле оор экендигин чагылдырбай, учурдагы кырдаалды туура жазбай жатышканын... 09.04.2023, Sputnik Кыргызстан
2023-04-09T12:24+0600
2023-04-09T12:24+0600
2023-04-09T12:25+0600
россиянын донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
дүйнөдө
украина
батыш
жмк
согуш
жеңилүү
эксперт
https://sputnik.kg/img/07e6/09/07/1067619391_485:708:2867:2048_1920x0_80_0_0_ea117d1b03b90b92c4b326b3a09e15ce.jpg
БИШКЕК, 9-апр. — Sputnik. Украина 2023-жылдын соңуна чейин өзүнүн мамлекеттүүлүгүн жоготушу мүмкүн. Бул туурасында РИА Новости Пентагондун жетекчисинин мурдагы кеңешчиси, полковник Дуглас Макгрегор журналист Стивен Гарднерге берген маегинде белгилегендигин жазды.Анын айтымына караганда, Батыштын ЖМКлары Украинадагы чыныгы абалды чагылдырбай коомчулукту жаңылыш пикирге түртүп жатат."Бардыгы биз Киевге чалганда ал жактан эч ким жооп бербей калышы менен бүтөт", — деген Макгрегор.Буга чейин АКШнын Деңиз аскерлеринин чалгын кызматынын офицери Скотт Риттер Украинанын быйыл күздө, тагыраагы, октябрда капитуляция болорун айткан эле. Анын пикирине караганда, Украина жайдын капортосунан тарта Батыштан техникаларды албай калат да, күздө жеңилүүгө учурайт.
https://sputnik.kg/20230401/atajyn-operaciya-sonku-konguroo-1074081534.html
украина
батыш
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2023
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e6/09/07/1067619391_347:0:3078:2048_1920x0_80_0_0_ad35525cc8d696b98840d86a8cde5328.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
дүйнөдө, украина, батыш, жмк, согуш, жеңилүү, эксперт
дүйнөдө, украина, батыш, жмк, согуш, жеңилүү, эксперт
Эксперт: жылдын аягына чейин Украина жок болуп калышы мүмкүн
12:24 09.04.2023 (Жаңыртылды: 12:25 09.04.2023) Пентагондун башчысынын мурдагы кеңешчиси Батыш ЖМКлары азыр Украинада абал чындыгында эле оор экендигин чагылдырбай, учурдагы кырдаалды туура жазбай жатышканын айтты.
БИШКЕК, 9-апр. — Sputnik. Украина 2023-жылдын соңуна чейин өзүнүн мамлекеттүүлүгүн жоготушу мүмкүн. Бул туурасында
РИА Новости Пентагондун жетекчисинин мурдагы кеңешчиси, полковник Дуглас Макгрегор журналист Стивен Гарднерге берген маегинде белгилегендигин жазды.
"Жылдын соңунда Украина улуттук мамлекет катары жашап турарына ишене бербейм... Өлкөнүн ичиндеги абал үрөй учурарлык, жоготуулар андан жаман", — деген офицер.
Анын айтымына караганда, Батыштын ЖМКлары Украинадагы чыныгы абалды чагылдырбай коомчулукту жаңылыш пикирге түртүп жатат.
"Бардыгы биз Киевге чалганда ал жактан эч ким жооп бербей калышы менен бүтөт", — деген Макгрегор.
Буга чейин АКШнын Деңиз аскерлеринин чалгын кызматынын офицери Скотт Риттер Украинанын быйыл күздө, тагыраагы, октябрда
капитуляция болорун айткан эле. Анын пикирине караганда, Украина жайдын капортосунан тарта Батыштан техникаларды албай калат да, күздө жеңилүүгө учурайт.