Боевая работа САУ Малка артиллерийских подразделений ЦВО на Авдеевском направлении - Sputnik Кыргызстан, 1920, 28.02.2022
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Россия ДЭР, ЛЭРдин эркиндигин тааныды. 24-февралда Путин Донбасста атайын операция башталганын жарыялады. РФ Коргоо министрлиги Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн аскердик инфратүзүмү, аэродромдору, абадан коргонуу объектилери талкалангандыгын кабарлаган.

Атайын аскердик операциянын жүрүшүнөн: "соңку коңгуроо" кагылып жатабы?

© Sputnik / Алексей Майшев / Медиабанкка өтүүРоссиялык аскерлер. Архив
Россиялык аскерлер. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 01.04.2023
Жазылуу
Донбасста украиналык армиянын мизи катуу кайтарылууда. Украина Куралдуу күчтөрүнүн бөлүктөрү Артемовскини таштай качып, набыт болуп, чегинип же багынып берип жатышат.
"Бахмуттук фортеция" менен кошо киевдик режимдин улуттук идеология жана мифологиясынын да быт-чыты чыгууда. АКШ менен НАТОнун аскердик жардамы пайдасын тийгизгендин ордуна Украинаны оор жоготууларга дуушар кылып жатканын белгилейт аскерий баяндамачы Александр Хроленко.
Канча көмөк көрсөтүлгөн менен алардын баары россиялык атайын аскердик операциянын максаты жана жүрүшүнө түк таасир эте албайт. Артиллериялык күчтүү камылгадан соң россиялык күчтөр 30-мартка караган түнү Артемовскиде үч багытта чабуулдук аракеттерин күчөттү. Натыйжада бир нече борбордук кварталды (Кузнечная, Независимость жана Свобода көчөлөрүн), ошондой эле шаардык рыноктун территориясын көзөмөлгө алышты. Эми административдик имараттар үчүн кармаш кызуу жүрүүдө. Ал эми Артемовск дээрлик талкаланып, көп кабаттуу турак үйлөрдүн сөлөкөтү эле калгандай.
"Вагнер" жеке аскердик компаниясынын артиллериясы жана чабуулчулар чегинип бараткан украиналык аскер бөлүктөрүн шаардан чыгып кетүүгө да мүмкүндүк берише элек. Украина Куралдуу күчтөрүнүн жоокерлери колдоонун, ок-дарынын жоктугунан жааган октун алдында калып же багынып берип жатышат.
Россиялык аскерлер шаарга алып барчу асфальтталган жолдордун баарын бөгөп же көзөмөлгө алышкан. Мындай көрүнүш жашыруун жолдор аркылуу да ок-дары же колдоо үчүн күч жөнөтүүгө жол бербейт.
Украина Куралдуу күчтөрүнүн башкы штабы Артемовскиде Россиянын "жарым-жартылай жеңишин" моюнга алууга аргасыз. Deutsche Welle агенттигине берген маегинде украиналык жоокерлердин бири он миңдеген жолдоштору набыт болгонун кабарлап, көзүнө да жаш алган. Ал билдирүү боюнча Украинанын коргоо министринин орун басары Анна Маляр: "Жоготуулар – согуштун аргасыз кесепети. Ансыз болбойт. Согушкан тараптын бирден-бир көздөгөнү – душманынын аскерлерин жок кылуу", — деп салкын кандуулук менен пикирин айтты.
Бери дегенде эле Артемовск районунда Украина Куралдуу күчтөрүнүн жоготуулары жарым жыл ичинде 60 миңден ашканы айтылат, ал эми RT билдирүүсүнө караганда, бул көрсөткүч ай сайын 35 миңге жетет. Киевдик режим Бахмут/Артемовск транспорттук түйүнү үчүн анын маанилүү экенинен эмес, Батыштын колдоосунан ажырап калбоо үчүн ушундай жоготууларга да кайыл болуп, жан үрөөдө.
Украиналык президент Владимир Зеленский үчүн Украина Куралдуу күчтөрүнүн Донбасстагы мынчалык жоготуулары саясий өлүмгө тете. Чет өлкөлүк айрым басылмалар "Артемовск үчүн салгылаш украиналык жаңжалдын натыйжасын аныктайт" деген ойдо.
Аткаминер жана аскерлер НАТОнун логотиби жанында. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 31.03.2023
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
НАТО Украинада керемет болуп кетет деп ишенип тургандай... Сереп
"Вагнер" жеке аскердик компаниясынын негиздөөчүсү Евгений Пригожин мурдагы күнү "Бахмут үчүн күрөш украиналык армияны, ал менен бирге "ар кошкон" чет элдик отряддарды да дээрлик талкалап койгонун" билдирди.
Украина Куралдуу күчтөрүн пландуу түрдө демилитаризация уланууда. Анын орду толгус жоготуулары (даярдыктан өткөн жүз миңдеген жоокерлери шейит кетти), НАТОнун Киевге көмөгүнүн көлөмү төмөндөшүнөн улам (арсеналдары бошой түштү), келерки же май айында Артемовскинин бошотулушу ажеп эмес.
Россия президентинин басма сөз катчысы Дмитрий Песков жакында эле дагы бир ирет Украина менен атайын операциянын максатына саясий-дипломатиялык ыкма менен жетүү мүмкүн эместигин эске салды.
Россиялык атайын аскердик операция аскердик жол менен гана уланчудай. РФ Украина Куралдуу күчтөрүнүн мобилизациялык резервин толук жок кылууну көздөбөйт. Россия Куралдуу күчтөрүнүн стратегиясы – украиналык армияны толук алсыратып, атайын операциянын саясий максатына жетүү.
РФ тышкы иштер министринин орун басары Михаил Галузин 29-мартта: "Өз чек араларыбызда Россияга ачык эле кастарын тиккен мамлекеттин болушуна жол бербейбиз", — деп билдирди. Ошону менен бирге эле Украина менен Европада "баары камтылган, акыйкат жана бекем тынчтыктын" параметрлерин санап берди.
Негизги шарттар:
Украина Куралдуу күчтөрүнүн согуштук аракеттерин жана Батыш өлкөлөрүнүн курал менен жабдуусунун токтотулушу;
украиналык территориядан чет өлкөлүк жалданма аскерлердин чыгарылышы;
Украинанын бейтарап жана блоктон тыш макамынын камсыздалышы;
Украина НАТО менен Европа биримдигине кирүү ниетинен баш тартышы;
Украинанын өзөктүк эмес макамынын тастыкталышы;
жаңы территориялык чындыктын Киев жана эл аралык коомчулук тарабынан таанылышы.
Украинаны демилитаризация жана денацификациялоонун россиялык шарттары кескин катаал болушу мүмкүн. Эртеби-кечпи алар аткарылат. Россия АКШ менен НАТОдон айырмаланып өзүнүн үстөмдүгү жана үчүнчү дүйнөнүн өлкөлөрүнүн жаратылыш ресурстарын тоноо үчүн "чөлдөгү бороондорду" уюштурбайт. Тескерисинче өз чек араларындагы стратегиялык аскердик кооптуулуктарды жоюп, көп полярдык дүйнөнү чыңдап, тең ата жана бөлүнбөс коопсуздук тутумун түптөө аракетинде.
Украин аскерлери Артемовск шаарына жакын жерде турушат. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 28.03.2023
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Артемовск менен Авдеевка — демилитаризациянын негизги түйүнү. Атайын операция
Албетте, Вашингтон менен анын желдеттерине андай нерсе жакпайт. АКШ украиналык кол куурчагын жаңжалдан чыгууга жол бербей жатканын британиялыктар да туюп туру. Украина – Пентагондун согуш жүргүзүүнүн бардык жаңы технологиялары изилденип, жаңы иштелип чыгуучу "лабораториясы".
Космостук байланыш, маалымат берүү, жасалма интеллект, абадан коргонуунун ыраак аралыкка ылайыкталган тутумдары, "аба – аба" тибиндеги ракеталар, бешинчи муундагы истребителдер, ошондой эле канаттуу жана гиперүндүү ракеталар, учкучсуз аппарат жана деңиз дрондорунун топтоштурула колдонулушу... Айтор, мында америкалык аскер-өнөр жай комплекси үчүн эбегейсиз перспективалар, ошол эле убакта АКШнын өзүнө чоң тобокелдиктер катылган.
Россиянын дараметинен чочулаган Украина менен Европа танк, учактарды көбүрөөк сатып алып, артиллериялык дүрмөттөрдү чыгаруу көлөмүн арттырууга ашыгууда.
Бирок Москва АКШ менен НАТОну тынчтыкка мажбурлоого салмактуу, жогорку технологиялык аргументтери бар. Атап айтканда, миңдеген заманбап танк, учак, гиперүндүү ракеталар, өзөктүк ок-дарыларга ээлик кылары ырас.
Кызыгы кечээ эле афган талибдеринен качкан жамааттык Батыш бүгүн Россияны "стратегиялык жеңилүү" менен опузалап, анын тактикалык же стратегиялык өзөктүк өч аларына – Москванын эскертүүлөрүнүн катаал чындыгына анчейин маани бербей жатканы.
Атайын аскердик операциядан улам, балким, "соңку коңгуроону" эшитет чыгар. Эске салсак, РФтин бир нече регионунда 29-мартта Стратегиялык багыттагы ракеталык күчтөрүнүн Новосибирск "Ярс" ракеталык дивизиясынын масштабдуу машыгуулары башталды.
Аскерий баяндамачы Александр Хроленконун Telegram-каналына жазылыңыздар
Абрам танкасы. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 26.03.2023
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
"Абрамстардын" согушка ашыгышы. Украина менен НАТОнун стратегиялык мүдүрүлүшү
Жаңылыктар түрмөгү
0