Эртең "Унаанын" бардык филиалдары күндөгүдөй иштейт

Соңку кезде автоунаасын каттаган же кайра каттаткан адамдардын саны өстү.
Sputnik
БИШКЕК, 24-фев. — Sputnik. Эртең, ишемби күнү, "Унаа" мамлекеттик ишканасынын бардык филиалдары кадимки режимде иштейт. Ал эми жекшембиде үч бөлүм ачык болот. Бул тууралуу ишкананын маалымат кызматы билдирди.
Соңку кезде автоунаасын каттаган же кайра каттаткан адамдардын саны өскөнү белгиленди. Буга байланыштуу 25-февралда (ишемби күн) "Унаанын" бардык каттоочу бөлүмдөрү менен секторлору эртең мененки саат 8:30дан 17:30га чейин иштейт. Тыныгуу мөөнөтү 12:00дөн 13:00гө чейин созулат.
26-февралда (жекшемби күн) ушул эле график менен төмөнкү бөлүмдөр иштейт:
Батыш бөлүм ("Два прораба" соода борбору, Алыкулов, 3/10 көчөсү);
Аймактар аралык бөлүм (РИОМ автобазары);
Бишкек шаардык бөлүм ("Аюу гранд" соода борбору, Валиханов, 2 көчөсү).
Эске салсак, майрамдарга байланыштуу дем алыш күндөр башка күнгө жылганына байланыштуу 25-февраль иш күнү деп эсептелет.
Жол эрежесин бузгандарга айып пулдун өлчөмү көбөйдү. Кайсы учурларга тиешелүү