Радио

Министрлик: 2025-жылы ЕАЭБде бирдиктүү газ рыногу иштеши керек

Экономика жана коммерция министрлигинин ЕАЭБ координациялоо башкармалыгынын башчысы Нурсултан Мукаев 2-3-февралда Алматыдагы ЕӨА кеңешинин отурумунда бир катар маселе талкууланганын белгиледи.
Sputnik
2025-жылдан тартып ЕАЭБде газ боюнча бирдиктүү рынок иштеп башташы керек. Бул тууралуу Нурсултан Мукаев Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, Алматыда өткөн Евразиялык өкмөттөр аралык кеңештин жыйынына ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин өкмөт башчылары жана Өзбекстан, Кубанын премьер-министрлери байкоочу катары катышты.
"Жыйындын жүрүшүндө 10дон ашык маселе талкууланды. Алардын ичинде ЕАЭБде бирдиктүү газ рыногун түзүү бар. Белгилей кетсек, 2025-жылга чейин биримдиктин мамлекеттери жалпы газ рыногун түзүшү керек. Мунун алкагында газга болгон тариф өзгөрүшү ыктымал. Маселен, учурда газды Кыргызстан 150, Беларусь 127, Армения 165 доллардан сатып алат. Ошондой эле үчүнчү өлкөлөрдө газ импорттоого мүмкүндүк берилет. Мындан тышкары, Евразия өнүктүрүү банкынын, Евразия турукташтыруу жана өнүктүрүү фондунун ишмердүүлүгү боюнча маалыматы угулду. Мындан тышкары, Евразия экономикалык комиссиясынын биргелешкен "Евразиялык агроэкспресс" долбоору каралды. Бул долбоор узундугу 7 200 чакырымды түзгөн Балтика өлкөлөрү — Индия коридору боюнча ишке ашырылууда", — деди Мукаев.
Ошондой эле ал ЕӨА кеңешинин кезектеги жыйыны 7-9-июнда Сочи шаарында өтөрүн кошумчалады.