Сот Атамбаевге чет өлкөдө дарыланууга уруксат берди. Сүрөт

Жогорку сот Алмазбек Атамбаевге кримтөбөл Азиз Батукаевдин абактан мыйзамсыз бошотулушуна байланыштуу чечимин жокко чыгарды.
Sputnik
БИШКЕК, 14-фев. — Sputnik. Бишкектин Биринчи май райондук соту мурдагы президент Алмазбек Атамбаевге Кыргызстандын аймагынан чыгып чет өлкөдө дарыланууга уруксат берди.
Анын үй-бүлөсү ден соолугунда көйгөй бар экенин айтып келишкен. Буга чейин Атамбаевди Россия президентинин Иш башкармалыгынын ооруканасына чакырышкан. Бирок Жаза аткаруу кызматы уруксат берген эмес. 2016-жылы Атамбаев Москвадагы Борбордук клиникалык ооруканада дарыланган болчу.
Эске салсак, бүгүн, 14-февралда, Жогорку сот адвокат Замир Жоошев менен Сергей Слесаревдин жаңы ачылган жагдайларга байланыштуу Алмазбек Атамбаевдин кылмыш ишин кайра кароо боюнча өтүнүчүн канааттандырды. Чечим даттанууга жатпайт.
Ага ылайык, Алмазбек Атамбаевге кримтөбөл Азиз Батукаевдин абактан мыйзамсыз бошотулушуна байланыштуу чыгарылган чечим жокко чыгарылып, иш кайрадан кароо үчүн Биринчи май райондук сотуна жиберилди.
Атамбаев Молдовановкадагы абакта ушул иш боюнча кармалып турган. Чечим жокко чыгарылганына байланыштуу мурдагы президент эркиндикке чыгыш мүмкүн.
Жогорку сот Атамбаевге Батукаевдин иши боюнча чыккан өкүмдү жокко чыгарды