Кофеден да күчтүү болгон куурма чай кантип жасалат? Видео

Куурма чайды даярдоого эмнелер керек экенин жана кантип даярдаларын көрсөтөбүз.
Sputnik
БИШКЕК, 4-янв. — Sputnik. Унутта калып бараткан куурма чай кантип жасаларын Sputnik агенттигинин видеорецептинен көрүп алыңыз.
Куурма чайды илгери кыргыздар менен казактар сүйүп ичкен, ал кофеден да ашып адамга күч-кубат берет, ден соолукка пайдалуу.
Бул азыкты даярдоо үчүн 200 миллилитрден суу жана сүт, 100 грамм, 70 грамм сары май же койдун майы керектелет. Ошондой эле 50 грамм чай, кумшекер жана туз болушу шарт.
Адегенде майга унду кызарта, күйгүзбөй кууруу керек. Андан соң үстүнө суу куюп, кайнатабыз. Кара чайды демдеп, казанга чайнек менен куюу керек. Улам аралаштырып турбаса коюуланып кетиши мүмкүн. Даамына жараша сүт, туз жана кумшекер кошуп, жай отко 2-3 мүнөт койгондон кийин куурма чай даяр болот.
Өзгөн күрүчүн кантип басуу керек. Таңдайдан даамы кетпеген аштын видеосу