БИШКЕК, 22-ноя. — Sputnik. Мамлекет башчы Садыр Жапаров Индонезиянын президенти Жоко Видодого Ява провинциясында жүздөгөн адамдын өмүрүн алган жер титирөөгө байланыштуу көңүл айтты. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы билдирди.
"Ява провинциясында катталган жер титирөөнүн кесепетинен көптөгөн адамдар каза болду жана жаракат алды деген суук кабарды терең кайгыруу менен кабыл алдым. Кыргызстан элинин жана жеке өзүмдүн атымдан көз жумгандардын үй-бүлөлөрүнө жана жакындарына аза кайгысын тең бөлүшүп, көңүл айтам. Бул каргашалуу окуядан жапа чеккендердин тезирээк сакайып кетүүсүн каалайм", — деп айтылат мамлекет башчынын телеграммасында.
Эске салсак, Индонезиянын Ява провинциясынын Чианджур аймагында күчү 5,6 баллга жеткен жер титирөө катталып, акыркы маалыматтар боюнча 268 адам көз жумду. Алардын көбү балдар экени айтылып, дагы 31и табылбай, дайынсыз болуп жатканы кошумчаланды.