Айтматов сыйлыгы өзбекстандык профессорго ыйгарылды. Сүрөт

Шухрат Сирожиддинов Айтматов атындагы сыйлыкты алып жатканына сыймыктанганын билдирген.
Sputnik
БИШКЕК, 28-окт. — Sputnik. Чыңгыз Айтматов атындагы КМШ ПААнын сыйлыгы филология илимдеринин доктору Шухрат Сирожиддиновго ыйгарылды. Бул тууралуу ЖКнын маалымат кызматынан кабарлады.
Бүгүн Самарканд шаарында Көз карандысыз мамлекеттер шериктештигине мүчө өлкөлөрдүн Парламенттер аралык ассамблеясынын (КМШ ПАА) Чыңгыз Айтматов атындагы сыйлыгын тапшыруу аземи өткөн.
1 / 2

Чыңгыз Айтматов атындагы КМШ ПААнын сыйлыгы филология илимдеринин доктору Шухрат Сирожиддиновго ыйгарылды

2 / 2

Аземде сүйлөгөн ЖК төрагасы Нурланбек Шакиев сунушталган талапкерди Жогорку Кеңеш толук колдой тургандыгын белгилеген

Алсак, КМШ ПААнын Маданият, маалымат, туризм жана спорт боюнча туруктуу комиссиясы Алишер Навои атындагы Ташкент мамлекеттик Өзбек тили жана адабияты университетинин ректору, филология илимдеринин доктору, профессор Шухрат Сирожиддиновго Чыңгыз Айтматов атындагы сыйлыкты ыйгаруу сунушун киргизген.
Аземде сүйлөгөн ЖК төрагасы Нурланбек Шакиев сунушталган талапкерди Жогорку Кеңеш толук колдой тургандыгын белгилеген.
Өз кезегинде сыйлыктын лауреаты, профессор Шухрат Сирожиддинов ыраазычылык билдирип, Чыңгыз Айтматов атындагы сыйлыкты алып жатканына сыймыктанганын, анткени ал дүйнө жүзүндөгү миллиондогон адамдар сыяктуу эле улуу калемгердин күйөрманы экенин белгилеген.
Каримовго таасирленсе, Мирзиёевге ыраазы болгон. Айтматов — Өзбекстан боюнча 14 факты