Анкарада Чыңгыз Айтматов атындагы сейил бак ачылды. Сүрөт

Жазуучунун бюстунун алдына "Адамга эң кыйыны — күн сайын адам болуу" деген сөзү жазылган.
Sputnik
БИШКЕК, 11-окт. — Sputnik. Түркиянын Анкара шаарында Чыңгыз Айтматов атындагы сейил бак ачылды. Бул тууралуу ТИМдин маалымат кызматы кабарлады.
1 / 3

Түркиянын Анкара шаарында Чыңгыз Айтматов атындагы сейил бак ачылды

2 / 3

Ага ылайык, Чанкая районунда 8-октябрь күнү ачылган паркта улуу жазуучунун бюсту орнотулуп, ага "Адамга эң кыйыны — күн сайын адам болуу" деген сөзү жазылган

3 / 3

Ачылыш аземине Кыргызстандын Түркиядагы элчиси Кубанычбек Өмүралиев, Чанкая муниципалитетинин мэри Алпер Ташделен жана мекендештер катышты.

Ага ылайык, Чанкая районунда 8-октябрь күнү ачылган паркта улуу жазуучунун бюсту орнотулуп, ага "Адамга эң кыйыны — күн сайын адам болуу" деген сөзү жазылган.
Ачылыш аземине Кыргызстандын Түркиядагы элчиси Кубанычбек Өмүралиев, Чанкая муниципалитетинин мэри Алпер Ташделен жана мекендештер катышты. Элчи Айтматовдун урматына сейил бак ачылып, бюстунун орнотулушу кыргыз-түрк элдеринин боордоштук алакасынын символу экенин белгилеген.
Ал эми Алпер Ташделен түркиялыктардын айрымдары Айтматовдун чыгармалары жана алардын негизинде тартылган тасмалар менен чогуу өскөнүн айтып, жазуучунун ысымы учурда Анкаранын Чанкая муниципалитети менен байланышып жатканы сыймык экенин кошумчалаган.
Айтматовдун мүрзөсүнүн үстүндөгү түндүктүн өз мааниси бар. Скульптор Ажиевдин маеги