Октябрдын аягында эски смартфондордон WhatsApp өчөт

Эгер колдонуучу WhatsApp тиркемесин пайдаланууну кааласа, анда жаңы аппарат алыш керектиги айтылды.
Sputnik
БИШКЕК, 4-окт. — Sputnik. 24-октябрда WhatsApp мобилдик тиркемеси эскирген смартфондордо өчүрүлөт. Бул тууралуу WABetaInfo порталына таянып "Известия" басылмасы жазды.
"Тиркемени 2012-жылдын сентябрь айында чыгарылган iPhone 5 жана iPhone 5C телефондорунун ээлери колдоно албай калышат. Бул моделдер өндүрүштөн 2013-жылы жана 2015-жылдын сентябрь айында алып салынган. Эгер колдонуучу WhatsApp тиркемесин пайдаланууну кааласа, анда жаңысын алганы оң", — деп айтылат маалыматта.
Эгер колдонуучу iPhone телефонунун башка моделин көтөрүп жүрсө, анда iOS 12 же башка жаңы системаны көчүрүп алышы керектигин кошумчалашты.
Эксперт: заманбап смартфондор ээси тууралуу маалыматты ачыкташы мүмкүн