Донбасс, Запорожье, Херсондо өткөн референдумдун жыйынтыгы чыкты

Бюллетендер 100 пайыз саналып бүткөнү айтылды.
Sputnik
БИШКЕК, 28-сен.— Sputnik. Донбасстын жана Херсон, Запорожье облустарынын тургундарынын басымдуу бөлүгү Россияга кошулууга добуш берип, референдум максатына жетти. Бул тууралуу РИА Новости кабарлады.
Бюллетендер 100 пайыз саналып бүткөндөн кийинки жыйынтык:
Херсон облусу — 87,05 пайыз;
Запорожье облусу — 93,11 пайыз;
ДЭР — 99,23 пайыз;
ЛЭР — 98,42 пайыз.
Референдум учурунда мыйзам бузуулар катталбаганы кошумчаланды.
Эске салсак, Россияга кошулуу каалоосун биринчилерден болуп ЛЭР билдирген. ЛЭР менен катар эле РФке кошулуу ниетин ДЭРдин Коомдук палатасы да айткан. Булардан сырткары, Херсон, Запорожье облустарында да референдум өттү. Россия президенти Владимир Путин Донбасс жана Запорожье, Херсон облустарынын кабыл алган чечимин РФ колдой турганын белгилеген.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
"Биз 8,5 жыл күткөнбүз". Донбасс тургундары референдум тууралуу. Видео