Чек арадагы жаңжал. Кыргызстан менен Тажикстандын тиреши

Кыргыз-тажик чек арасында каза болгондордун саны өсүп, 59 адамга жетти

Буга чейин УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев журналисттерге берген маалыматында каза болгондордун көбү аскер адамдары экендигин айткан.
Sputnik
БИШКЕК, 18-сен. — Sputnik. Тажикстандын Кыргызстанга агрессиялык кол салуусунан улам көз жумгандардын саны 59 адамга жетти. Бул туурасында Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришти.
Ал эми жарадарлардын саны 144 киши экенин айтышты.
Алгач 24 адамдын каза болгону тууралуу малымдалган, кийин улам өсүп отуруп, соңку маалымтта 59 адам деп билдиришти.

"Ыкчам маалыматтарга караганда, Баткендеги ооруканага каза болгон дагы 13 адамдын сөөгүн алып келишти. Баткен облусунда чек ара чырынан каза болгондордун жалпы саны 59га жетти", — деп айтылган маалыматта.

Буга чейин УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев журналисттерге берген маалыматында каза болгондордун көбү аскер адамдары экендигин айткан.
Чек арадагы жаңжал. Кыргызстан менен Тажикстандын тиреши
Куралдуу кол салуу. Кыргыз-тажик чек арасындагы окуялар боюнча ТИМ билдирүү жасады