Тажик аскерлери БТРде машыгуу учурунда. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 16.09.2022
Чек арадагы жаңжал. Кыргызстан менен Тажикстандын тиреши
2022-жылдын 16-сентябрында тажик тарап Кыргызстанды көздөй алты жерден ок ата баштаган, чек арада абал курч бойдон калууда.

Куралдуу кол салуу. Кыргыз-тажик чек арасындагы окуялар боюнча ТИМ билдирүү жасады

© Sputnik / Эмиль СадыровКыргызстандын Тышкы иштер министрлиги. Архив
Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 18.09.2022
Жазылуу
ТИМ тажик тараптын аскерлеринин кылмышы жана агрессиялык кол салуусу боюнча далилдер бар экендигин айтты.
БИШКЕК, 19-сен. — Sputnik. 14-17-сентябрдагы кыргыз-тажик чек арасында болгон окуялар – Кыргызстандын суверендүү аймагына Тажикстандын алдын ала даярдалган агрессиялык куралдуу кол салуусу. Бул туурасында Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигинин билдирүүсүндө айтылат.
Тажик тараптын адамдыкка жатпаган кадамдарынан улам 2022-жылдын 18-сентябрына карата 46 кыргызстандык курман болуп, 140 адам жаракат алды. 140 миң адам эвакуацияланууга мажбур болду. Болуп көрбөгөндөй материалдык зыян келтирилди.

"Биз тажик тараптын “Тажикстанга куралдуу агрессия жасалды” деген негизсиз айыптоолору жоопкерчиликти жана күнөөнү Кыргыз Республикасына жүктөө максатындагы ыплас аракет деп эсептейбиз. Тажик тарап Кыргыз Республикасынын коргонуу аракеттерин дискредитациялоого багытталган, кеңири жайылган дезинформациялык кампанияны баштады", — деп айтылган билдирүүдө.

ТИМ агрессияны тажик тарап баштаганын, тажик аскерлеринин Кыргызстандын аймагында жасаган кылмыштары туурасында бардык далилдер (сүрөт, видеоматериалдар) бар экендигин билдирген. Эгерде зарылдык жаралса, ал далилдерди көрсөтө тургандыгын маалымдаган.
Төмөндө Тышкы иштер министрлигинин билдирүүсүн толугу менен беребиз:
Тажикстан Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин жана башка компетенттүү органдарынын маалыматы чындыкка дал келбейт деп жоопкерчилик менен билдиребиз. Кыргыз тарапта тажик аскерлеринин Кыргыз Республикасынын аймагындагы агрессиянын башталышы, ошондой эле бардык мыкаачылыктары жана кылмыштары чагылдырылган толук далилдер (фото жана видеоматериалдар) бар. Керек болгон учурда кыргыз тарап аталган далилдерди берүүгө даяр.
Тажикстан Республикасы БУУнун уставында жана башка эл аралык документтерде бекитилген аймактык бүтүндүк, мамлекеттик чек аралардын кол тийбестиги, эл аралык талаш-тартыштарды тынчтык жолу менен чечүү, күч колдонбоо жана күч колдонуу менен коркутпоо, ошондой эле адам укуктарын жана эркиндигин сыйлоо сыяктуу өзөктүү эл аралык принциптерди одоно түрдө бузган.
Кыргыз Республикасы Кыргызстандын аймактык бүтүндүгүнө жана эгемендигине жүзүкаралык менен кол салган тажик тараптан айырмаланып, бирөөнүн аймагын басып алуу максатын көздөбөстөн, жалаң гана коргонуу позициясын карманды. Бул айтылгандар Тажикстандын Кыргызстанга аймактык дооматтарынын бар экенин дагы бир жолу тастыктайт. Кыргыз тарап тажик тараптан Кыргыз Республикасынын аймагына кол салуу боюнча аткарылгыс пландардан жана чек ара аймагындагы кырдаалды курчутууну көздөгөн максаттардан баш тартууну талап кылат.
Мурда жетишилген бардык макулдашууларды одоно бузуп, Кыргызстандын чек арасына аскерлерин алдын ала алып келип, куралдуу күчтөрдү жана оор аскердик техниканы колдонуп, чек ара жана жарандык объектилерге, Кыргыз Республикасынын Баткен облусунун Баткен жана Лейлек райондорундагы кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасынын бүткүл периметри боюнча калктуу конуштарга негизсиз кол салып, Баткен шаарынын райондук борборун аткылаган Тажикстан Республикасынын мыйзамсыз жана деструктивдүү аракеттерине каршы чечкиндүү нааразычылык билдиребиз (тастыктоочу видеоматериалдар бар).
Ок атышууну токтотуу боюнча бир нече жолку макулдашууларга карабастан тажик тарап чагымчыл аткылоолорду улантып, Кыргыз Республикасынын Баткен районундагы Достук, Ак-Сай, Интернационал, Жаштык, Борбордук, Арка, Кулунду сыяктуу айрым калктуу конуштарды басып алганын белгилейбиз.
Тажик тараптын мыйзамсыз аракеттери эки тараптуу жана көп тараптуу макулдашууларга, биздин өлкөлөрдүн элдеринин ортосундагы ынак коңшулаштыктын жана өз ара колдоонун духуна каршы келген агрессивдүү жана туруксуздукка алып келген аракеттер болуп саналат.
Тажик тараптын туруктуу эмес куралдуу түзүмдөрүнүн жаңжалга активдүү катышуусу өзгөчө тынчсызданууну жаратат.
Тажик тараптын аракеттери мамлекеттер аралык ири жаңжалдын чыгышына, ошондой эле бүтүндөй Борбордук Азия чөлкөмүндөгү кырдаалдын чыңалышына алып келиши мүмкүн. Мындан тышкары, тажик тарап баштаган жаңжал карапайым калктын, аскер кызматкерлердин жоготууларына, аскердик жана жарандык инфраструктурага, жергиликтүү тургундардын ден соолугуна жана мүлкүнө олуттуу зыян алып келди.
Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги эки өлкөнүн ортосундагы талаш-тартыштарды тек гана тынчтык жолу, саясий-дипломатиялык ыкмалар жана сүйлөшүү аркылуу чечүү зарылчылыгын дагы бир жолу ырастайт.
Аскер кызматкерлери. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 18.09.2022
Чек арадагы жаңжал. Кыргызстан менен Тажикстандын тиреши
Кыргыз-тажик чек арасында мекен, эл үчүн өмүрүн берген баатырлардын видеосу
Жаңылыктар түрмөгү
0