Кыргызстандын инвестициялык климатын жакшыртуучу координациялык кеңеш түзүлдү

Кеңештин жыйыны ар жума сайын өтүп турат.
Sputnik
БИШКЕК, 22-июн. — Sputnik. Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаровдун чечими менен Өнүктүрүү институттарынын координациялык кеңеши түзүлдү. Бул тууралуу өкмөт билдирди.
Координациялык кеңеш инвестициялык климатты жакшыртуу, инвестициялык долбоорлорду ишке ашыруунун натыйжалуулугун жогорулатуу, ошондой эле мамлекеттик колдоо чараларын жана өнүктүрүү институттарынын ресурстарын консолидациялоо максатында түзүлдү.
Кеңешти министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев жетектеп, ар жума сайын жыйын өтүп турат.
500 миң доллар салган инвесторго кыргыз жарандыгын берүү мыйзамы демилгеленди